Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусия Луганскиде алдыга жылууда,  Украина "кырдаал кыйын" деди


Украинанын чыгышындагы Угледар шаарына жакын жерде талкаланган орус танктары. 2023-жылдын февралы.
Украинанын чыгышындагы Угледар шаарына жакын жерде талкаланган орус танктары. 2023-жылдын февралы.

Орусия аскердик күчтөрү Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында украин армиясынын коргонуусун бузуп киргенин билдирди. Украин армиясы алардын айрымдарынын мизин кайтарып жатканын, бирок кырдаал курч экенин айтты.

Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлер чогулуп, Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетүүнү сүйлөшүп жаткан маалда майданда кармаш күчөдү.

Украинанын Донецк облусундагы Бахмут шаарын алуу үчүн бир нече айдан бери катуу салгылаш жүрүп, соңку маалда Орусия Донбасста күчүн топтоп, жаңы чабуулдарга камынып жаткан.

15-февралда Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут шаарынын тегерегинде гана эмес, Лиман, Авдеевка, Купянсканын да айланасында кармаш жүрүп жатканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги украиндердин коргонуу тилкесин эки жеринен жарып киргенин билдиргени менен кайсы жерлер экенин так айткан жок. Ага удаа эле украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси Луганск аймагында орус күчтөрүнүн айрым чабуулдарынын мизин кайтарганын жарыялады.

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай Орусия аймакка адамдары менен курал-жабдык киргизгенин билдирди. Ал Телеграм каналына “Атышуу катуу жүрүп жатат, эми авиация аралашты. Ар кайсы багыттан аткылап жатат” деп жазды. "Алар мобилизациялангандарды ташып келип жатат. Курал-жарак да көп экенин көрүп жатабыз"

14-февралдын кечиндеги видео кайрылуусунда президент Зеленский Батыштын куралы келгиче Украинанын чыгышында орустар илгерилеп баратканын айткан. “Негизги багыт өзгөрүүсүз экенин ишеним менен айта алам. Украина өз өнөктөштөрү менен террордук мамлекеттин жеңилиши үчүн баарын жасайт. Аны тез арада ишке ашырууга болгон күчүн жумшайт”.

14-15-февралда Брюсселде өтүп жаткан жыйында НАТОнун коргоо министрлери украин бийлиги сураган чабуул койчу учактарды берүү боюнча бир пикирге келген жок. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевге согуштук учактарды берүү кийинчерек талкууланарын айтты.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Киевдин өнөктөштөрү орустардын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн Украинага "эмне качан керек болсо" камсыздоону улантарын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG