Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Луганск: "Вагнердин" согушкерлери көмүлгөн делген жаңы көрүстөн табылды


"Вагнердин" Краснодар крайындагы көрүстөнү. Иллюстрациялык сүрөт.
"Вагнердин" Краснодар крайындагы көрүстөнү. Иллюстрациялык сүрөт.

Луганскинин жанынан жергиликтүү тургундар 42 жаңы көрүстөн тапты.

Алар бул тууралуу маалыматты социалдык тармактарга таратты. Би-Би-Синин журналисттери мүрзөдөгү ысымдар Орусияда түрмөгө кесилген адамдардын ысымына дал келерин аныкташкан. Алар каза болгондор “ЧВК Вагнер” ("Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) тарабынан согушка алынган туткундар болушу мүмкүн деп эсептешет.

Көрүстөн февралдын башында табылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аларга эч ким келген эмес. Алар мүрзөдө адамдардын ысымы жазылган тактайчалардын сүрөттөрүн дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча Интернет топторуна жайгаштырган. Андан кийин аларга аты-жөнү, фамилиялары окшош адамдардын жакындары жооп беришкен. Алар жакындары Орусиянын абактарында экенин, көптөн бери кабар ала электигин билдиришкен.

Би-Би-Си ачык булактардан Луганскинин жанындагы мүрзө такталарындагы жазууларга дал келген 37 адамдын шилтемесин таба алды. Алардын 35и орусиялыктар, бирөө беларус жараны, дагы бири Өзбекстанда төрөлгөн. Ачык маалыматтарга караганда, орус сотторунун сайттарында Луганскиде көмүлгөн 20 адамга карата сот өкүмдөрү жарыяланган.

Айрымдарынын жакындары алардын туугандары абакта "Вагнер" менен келишим түзүп, Украинага согушка кеткенин ырасташкан. Бирок алар "Вагнер" же Орусиянын Коргоо министрлигинен чалып, жакындары өлгөнү тууралуу кабар беришпегенин айтышкан.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG