Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Байсалов Кыргызстан "арабөк мамлекет" болбой, эки жылда көп нерсеге жетишкенин айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан "мамлекет болуп калыптана албаган, арабөк өлкөлөрдүн сабынан чыкты" деп эсептей турганын Лондондогу Emerging Europe басылмасы менен болгон маегинде айтты. Ал Кыргызстан соңку жылда Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку экономикалык өсүштү көрсөтөнүн белгилеп, Кумтөр алтын кенинин мамлекетке өткөнүн маанилүү учур болду деп сыпаттады.

“Жапаровдун башкаруусу менен мамлекетте биригүү, тартип орноп, Кыргызстан арабөк өлкөлөрдүн катарынан чыкты, соңку эки жылда бараандуу жетишкендиктер болду”, - деген пикирин билдирген.

Бул маекте Байсалов былтыркы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды “Борбор Азиядагы эң ири жаңжал” деп атап, "Тажикстандын түздөн-түз кол салуусу" катары сыпаттаган.

Өкмөт өкүлү сөз эркиндиги, “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү боюнча маселеде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флайдын президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу “диалогдун уланып жатканынын көрсөткүчү" деп атаган.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети былтыр тогуз айда азык-түлүктүн баасы менен тарифтер 10,9% кымбаттаганын билдирген. Статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев былтыр 21-ноябрда парламентте Кыргызстанда 2 млн. 400 миң адам жакырчылыкта күн кечирип жатканын маалымдаган.

Кыргыз бийлигинин өкүлү өкмөттүн алдында көп иштер турганын, анын бири Бишкектин абасын тазалоого артыкчылык берилерин белгилейт.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылып келатат. Буга "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшү, "Демирбанктагы" эсебинин жабылышы, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорундагы чектөөлөрдү негиз катары белгиленет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG