Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Конституциялык сот "Бүтүн Кыргызстандын" элдик курултай тууралуу арызын карайт


Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн.
Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын элдик курултай тууралуу президенттин жарлыктарынын мыйзамдуулугун карайт. Буга байланыштуу судьялар коллегиясы 14-февралда чечим кабыл алды.

"Аталган фракция президенттин талаштуу жарлыктары менен элдик курултайды мыйзамсыз чакыруу, аны уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн бекитүү, резолюциясынын кабыл алынышы терс кесепетке алып келиши мүмкүн деп белгилейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого бардык жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн өкүлчүлүктүү органдын маанилүүлүгүн жоготууга алып келет. Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талаштуу президентинин тиешелүү жарлыктарын конституциялык эмес деп таанууну суранууда", - деп жазылган Конституциялык сот тараткан маалыматта.

"Бүтүн Кыргызстан" элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко былтыр жыл аягында кайрылган. Фракциянын катчылыгы "президенттин 2022-жылдын 15-августундагы "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилгенин кабарлаган. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий бере элек.

Курултайды президенттин жарлыгы менен уюштуруу мыйзамсыз экени тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, сын айтылганда президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов жарлыкта “Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин” деп жазылып турганын айтып жооп берген. Ал “Ошондуктан президенттин жарлыгы мыйзамдуу. Аны бүт кыргыз мамлекетиндеги бардык мамлекеттик органдар аткарышы керек”, - деген.

Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү элдик курултай өтүп, ага бардык аймактардан миңден ашуун делегат катышкан.

Президенттин элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын анда жазылгандай атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы мурда да сын-дооматка жол ачкан.

Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга 2021-жылы журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Жапаров ошондо “… үч саат жөн эле ушактарга жооп берип отурганын” белгилеп, “…ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG