Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

17-февралдын аба ырайы


Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.
Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градуска жетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG