Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Күчүктү класска алып кирген баланы тилдеген мугалимге сөгүш берилди


Мектепке алып келинген ит. Видеодон алынган сүрөт.
Мектепке алып келинген ит. Видеодон алынган сүрөт.

Кадамжай районундагы №5 Бабажан Айтматов атындагы 4-класстын окуучусун класска күчүк алып келгени үчүн тилдеп, мектептен чыгарып жиберерин айткан мугалимге Билим берүү жана илим министрлиги сөгүш берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мектептин директору жана социалдык педагог эскертүү алды. Райондук администрация бул окуяны териштирип жатканы кабарланды.

15-февралда социалдык тармактарда мектеп окуучусу класска күчүк алып келгенин көргөн мугалим баланы тилдеген. Кийинчерээк соцпедагогдун жана директордун алдында баланы мектептен чыгарып жиберерин айткан.

Окуя тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Айрымдар мугалимди жактаса, кээ бирлери баланы боорукерлиги үчүн тилдеген мугалимди сынга алышууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG