Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:30

Журналист Шохрух Саипов Аскер прокуратурасына чакырылды


Шохрух Саипов.
Шохрух Саипов.

Журналист Шохрух Саипов кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги "коррупция" тууралуу материалына байланыштуу Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул маалыматты журналист "Азаттыкка" ырастап, аны видео материалдагы фактылар боюнча көрсөтмө берүү үчүн чакырышканын билдирди.

Учурда Саипов Берлинде стажировкада болгондуктан суракка бара алган эмес жана онлайн көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирген. Ушундан кийин прокуратура кызматкерлери опузалоого кабылган өзбекстандык балдардын телефонун сураганын кошумчалады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы журналисттин чакырылганын "Азаттыкка" ырастады.

13-февралда жарыяланган видеоматериалда "Достук" чек ара бекети аркылуу кирип-чыккан айрым өзбекстандыктар кыргыз чек арачылары алардан "опузалап акча алып жатканын" айтып беришкен. Видео жарыяланган соң Чек ара кызматы бул факты тууралуу ички иликтөө баштаганын билдирген.


Журналист видеоматериал жарыяланган соң өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын Фейсбук баракчасына жазган.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери дагы ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG