Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Кар көчкүдөн улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылды


Бишкек-Торугарт унаа жолу.
Бишкек-Торугарт унаа жолу.

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 302-303-чакырымына түшкөн кар көчкү түнкү саат 12.30 чамасында толугу менен тазаланып бүттү.

Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан өзгөчө кырдаал киргизилип, адамдардын жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.

Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Нарындагы өкүлчүлүк айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Жол тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (КЕ)

XS
SM
MD
LG