Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Калифорнияда робот-таксилер сыноодон өткөрүлдү


"Амазонго" таандык Zoox стартабы робот-таксилерди сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Жүргүнчүнүн ролун компаниянын кызматкерлери аткарышты.

Төрт кишиге ылайыкталып, өз алдынча башкарылган бул транспортто руль же педаль жок. Жүргүнчүлөр эки-экиден бетме-бет отурушат.

Автоунаа 11-февралда Zoox компаниясынын Калифорниядагы эки имаратынын ортосунда тесттен өттү. Бул дээрлик 1,5 чакырым аралык.

Робот-таксилер кызматкерлерди бир кеңседен башка кеңсеге акысыз ташыйт. Бирок бул үчүн компания мамлекеттен кошумча уруксат алышы зарыл.

XS
SM
MD
LG