Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кытай COVID-19ду жеңгенин жарыялады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кытай бийлиги COVID-19га каршы "чечкиндүү жеңишке" жеткенин жарыялады. Мындай маалымат өлкө лидери Си Цзинпин жетектеген башкаруучу Коммунисттик партиянын жума күнкү жыйынынан кийин айтылып, өлкөдө коронавирустан өлгөндөр "дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтө" экени даңазаланган.

Чет элдик эксперттер Кытай коронавируска каршы катаал изоляция, мажбурланган карантин колдонгондуктан, оорунун чыныгы көрсөткүчү тууралуу так маалымат жоктугун билдирип келет.

Быйыл кышта катуу чектөөлөр алынгандан кийин кытайлык ооруканалар менен крематорийлер толуп калганы тууралуу маалыматтар бар.

Бирок бул мамлекетте COVID-19дан каза болгондордун 83 миңден ашуун гана учуру расмий тастыкталган. Сырттагы эксперттер Кытайдагы инфекция толкунунун чоңдугун эске алганда, бул сан аз экенин айтышат. Дарыгерлерге бейтаптардын өлүмүнө коронавирусту себеп кылып көрсөтпөө тапшырмасы берилгени тууралуу DPA агенттиги жазган.

Январдын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 пандемиясын бүттү деп таануудан баш тарткан. Коронавирус дагы эле эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал макамында турат.

XS
SM
MD
LG