Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Зеленский Мүнхен конференциясында Орусияны Голиафка салыштырды


Зеленский сүйлөгөн учур. Мүнхен, 17-февраль, 2023-жыл.
Зеленский сүйлөгөн учур. Мүнхен, 17-февраль, 2023-жыл.

17-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук конференциясы башталды. Ага салттуу түрдө Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис сыяктуу бир катар мамлекеттердин лидерлери, жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.

Орусиянын Украинадагы агрессиясы быйылкы жыйындын негизги темаларынын бири. Согуштун бир жылдыгына туштап өтүп жаткан конференцияда Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө Библиядагы алп Голиафты жеңген Давиддин окуясын мисалы кылып, Путиндин Орусиясын Голиафка салыштырды. Украинаны колдоп, агрессияга каршы чыккандардын баарын "Давиддер" деп атады.

Зеленский дагы бир жолу Батыш өлкөлөрүн Украинага аскердик оор техникадан жардам берүүнү тездетүүгө чакырды. Ал Украина эл аралык таанылган чек аралардагы бүт аймагын кайрадан алууга аракет кыларын белгилеп, Кремль менен компромисске барбай турганын кошумчалады.

Мүнхен конференциясы 1962-жылдан бери өткөрүлөт. Ага ондогон мамлекеттин лидерлери, министрлер, саясатчылар жана коомдук ишмерлер келет. Орусия конференцияга 1999-жылдан бери катышып жүргөн.

2007-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Мүнхен конференциясында сүйлөгөндө АКШны жана анын союздаштарын "НАТОну кеңейтип жатат" деп сындап, бул Москва үчүн коркунучтуу экенин билдирген. Путиндин ушул сөзү Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен мамилесинин начарлашынын башаты болгон деп сыпатталат.

2022-жылы Кремль Мүнхен конференциясы "максатынан тайып баратканын" билдирип, биринчи жолу ага катышуудан баш тарткан. Быйылкы жыйынга Москвадан расмий өкүлдөр чакырылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG