Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Чаткалда Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунуна караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну кар көчкү коркунучунан улам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Маалыматка караганда, жалпы 13 мектеп 18-февралга чейин аралыктан окутууга өттү.

Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган.

15-февралында Чаткал районуна калың кар түштү. Учурда кардын калыңдыгы бир метрден ашкан. Мындан улам Жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу, ыкчам чараларды көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалпы 11 техника тартылып, жолду тазалоодо.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирген. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (КЕ/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG