Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Болгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооган мигранттарынын сөөгү табылды


Полиция мигранттардын сөөгүн тапкан жерде. Болгария.
Полиция мигранттардын сөөгүн тапкан жерде. Болгария.

Болгар полициясы Софияга жакын жайгашкан Локорско кыштагында 18 мигранттын сөөгү салынган жүк ташуучу автоунааны тапты.

БТА маалымат агенттиги башкы прокурордун орун басары Борислав Сарафовго шилтеме берип, дагы 34 адам аман калганын, алар токойдо жашынып жүрүшкөнүн жазды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, мигранттар чек араны кесип өтүп, бир нече сутка Ябол шаарынын четиндеги токойдо күн кечирген. Андан кийин аларды жүк ташуучу машинага салып кетишкен. Алардын 18и аба жетпей каза болгону айтылууда. Аман калган 34 адамдын бешөө бала. Бардыгы Ооганстандын жарандары.

Полиция бул ишке байланыштуу төрт шектүүнү кармап, 24 саатка камакка алды. Алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынды. Кармалгандардын бирөө айдоочу болушу ыктымал. Азырынча аларга айып тагыла элек.

“Эмне болгонун так айта албайм. Ал жакта аба да жетпей, үшүп да калышкан. Кийимдери суу болуп, бир нече күн наар алышкан эмес”, - деди Болгариянын саламаттык сактоо министри Асен Межидев.

Бийлик өкүлдөрү 18 кишинин өлүмүнүн себебин жана аларды салган машина кайда багыт алганын аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.

2019-жылы Англиянын түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагында жүк ташуучу машинадан 39 адамдын сөөгү табылган. Алар Вьетнамдын жарандары экени белгилүү болгон. Каза болгондордун биринин тууганы Би-Би-Сиге Британияга жеткирүүнү убада кылган тарапка 38 миң доллар төлөшкөнүн билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG