Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Талас: Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Суу каптаган үйлөр. Талас. 17-февраль, 2023-жыл.
Суу каптаган үйлөр. Талас. 17-февраль, 2023-жыл.

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында кар эрип, арыктан суу ташып, он жети турак үйдүн короосун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 18-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, тазалоо иштерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Суу каптоо коркунучу сакталып турганына байланыштуу Бакай-Ата районунун акими Боо-Терек айыл аймагына 17-февралда өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды.

Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы тоо этегинен кар эрип, үч турак үйдүн короосун суу каптаган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирген. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG