Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Кыргыз өкмөтү башкы бассейндердин аймактык чек араларын бекитти


Нарын дарыясы, Кыргызстан
Нарын дарыясы, Кыргызстан

Суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек аралары бекитилди.

Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Суу кодексинин 5-беренесине ылайык суу ресурстарын башкаруу Ысык Көлгө жана өлкөнүн башкы дарыяларына гидрографиялык принцип боюнча кирүүчү башкы бассейндин аймагынын чектеринде ишке ашырылат деп аныкталган.

"Бассейндик деңгээлде суу ресурстарын башкаруу калктын, өнөр жайдын, айыл чарбасынын суу ресурстарына керектөөлөрүн канааттандыруу жана глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн суу ресуртарына тийгизген таасирин эске алуу менен суу ресурстарынын бардык түрлөрүн – жер үстүндөгү, жер астындагы жана кайтарым суулардын өз ара байланышын эске алууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын аймагында Талас, Чүй, Ысык-Көл-Тарим, Нарын-Сырдарыя жана Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя сыяктуу беш негизги бассейн бар.

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 млрд. сом бөлгөн. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG