Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Орусия Крымдагы украиндердин 700дөй активин улутташтырды


"Коммерсант" басылмасынын маалыматында, аннексияланган Крымдын бийлиги украиндердин 700дөй активин улутташтыруу чечимин кабыл алды. Аймактын мамлекеттик кеңешинин башчысы Владимир Константиновдун билдиришинче, улутташтырылган мүлк ээлеринин арасында Ринат Ахметов, Игорь Коломойский, Арсений Яценюк, Нестор Шуфрич, Сергей Тарута жана башка ири украин бизнесмендери жана саясатчылары бар.

Орусия дайындаган Крым парламенти мүлк ээлерин Киевдин бийлиги менен байланышта болуп, Орусияга каршы аракеттерди жасап жатат деп эсептейт. Улутташтырылган мүлктөр сатыкка коюлуп, түшкөн каражат Орусиянын аскердик аракеттерин колдоого жумшаларын Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирди.

Аталган мүлктүн баасы бычылган соң гана сатыкка чыгарылат. Владимир Константинов алардын баасы миллиарддаган рубль болот деп болжолдоп жатат.

Буга чейин Крым парламенти украин бизнесмендеринин мүлктөрүн улутташтыруу чечимин кабыл алып, "Стройиндустрия" Бахчысарай комбинаты, кеме куруучу "Залив" заводу, "Новацентр" курулуш гипермаркети жана соода комплекси, "Мегастройдун" жер участкалары, кыймылсыз мүлктөрү алынган.

Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алып, 2022-жылдын 24-февралында согуш ачкан. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаганы менен дүйнө аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG