Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-22-февралга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
20-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Бийик тоолуу райондордо -24...-29, күндүз -2...-7
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу болот. (КЕ)
Дагы караңыз