Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Пиязды сыртка сатууга тез арада уруксат берүү сунушталды


Пиязды экспорттого уруксат берүү маселеси бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде көтөрүлдү. Депутат Ырысбек Атажанов тонналаган пияз кампаларда жатканын, тез арада сыртка чыгарууга уруксат берилбесе анын баары жараксыз болуп каларын айтты:

«Азыр дыйкандарга жол ачып бербесек бир айдан кийин пиязды таштандыга ыргытышат. Пиязды күнүгө жебейбиз го. Ички базарга жетиштүү эле. Жол ачып бербесек баасы түшүп кетет. Канчалаган тонна жатат кампаларда».

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов азыр ички базардагы абал боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жер-жерлерде тактоо иштери жүрүп жатканын, чечим ошого жараша кабыл алынарын айтты.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январдан тартып үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

Февралдын башында пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомго жеткен. Азыр 30-35 сомдон болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG