Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

"Мекен шейиттери" Жапаровго кайрылуу жолдойт


Бишкекте борбордук аянтта Апрель окуяларына байланыштуу орнотулган эстелик.
Бишкекте борбордук аянтта Апрель окуяларына байланыштуу орнотулган эстелик.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук уюму Курманбек Бакиевге байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган бирикменин теңтөрагасы Арстанбек Сагындыков билдирди. Ал Дубайда Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин дагы катышканын сынга алды. Сагындыков оор кылмыштарга айыпталып, соттолгон адам жазасын алышы керектигин билдирди.

"Курманбек Бакиевди бул жакта биз дагы күтүп жатабыз, ал келери менен түрмөгө отурушу керек. Апрель окуяларына байланыштуу алты жыл сот болду. Соттун бардык инстанцияларынын чечимдери чыкты. Бакиев 30 жылга кесилген, иниси Жаныш болсо өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Максим Бакиев дагы 30 жылга соттолгон. Ошолордун баары аткарылышы керек. Мына, 7-аперледе 87 бала каза болду. Менин уулум дагы каза болгон. Ошондон бери жарадарлар дагы көз жуумп, бүгүнкү күндө 125 адамга жетти. Ошол окуяда 500дөн ашык адам жарадар болду, 145 бала жетим, 100дөн ашык келин жесир калды. Алардын баары эмне болот? Бакиевди жөн эле кечирип коюш керекпи? Бакиевди кечирип, ынтымакка келсек эле жашообуз оңолуп кетеби? Биз аны эч качан кечирбейбиз. Бакиев мамлекетке эч жакшылык алып келбейт. Өзүнүн элин атып, кырып кеткен адамдан кандай жакшылык күтсө болот? Апрель окуяларына чейин анын тушунда канча адам өлтүрүлдү? Келсин, бирок келип түрмөгө отурсун",-деди Сагындыков.

Дубайдагы жолугушуу тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев учкай комментарий берди. Ал 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына "Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты. Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү",-деп жазды.

"Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет",-деп айтылат Султанбаевдин билдирүүдө.

Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Ал бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Ушундан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Кыргызстан эгемен алгандан кийин өлкө башына келген жетекчилердин баары катышканын жазган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG