Парламенттин тармактык комитетинде ишкердик субъектилерди текшерүүгө байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Ютубдагы “Не сахар” долбоорунун ишкерлерди текшерүүгө кандай укуктары бар экенине кызыкты.
“Не сахар” долбоору бар. Жакында эле социалдык тармактарда чуу жаратты. Балдар камера менен жеке ишканаларга кирип барышат. Мен көргөн акыркы видеодо жаш жетекчи кыз мыйзамды талап кылып туура кылды. Балдар кемара менен кирип кетишти. Ал (ред: “Не сахар” долбоору) парламент депутаты менен байланышы бар. Мен бул суроону эмнеге берип жатам. Ушундай кылганга уруксатпы? Бул популизм карапайым элге жага берет. Биз саясатчылар кыла беребиз. Ишкерлерди ким коргойт?” – деди Сурабалдиева.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова депутаттын суроосуна жооп берген жок.
"Не сахар" долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов парламентте айтылган сын-пикир боюнча "Азаттыкка" мындай комментарий берди:
"Биз "Алькони" сыяктуу иштерди ачыктап, ишкерлердин оңолушуна салым кошуп жатабыз. Эч кандай популизм жок. Тескерисинче депутаттар бизди колдосо болмок. Ар бир колдонуучунун тамактанган жайдын ашканасын көрүүгө укугу бар. Алар медициналык китепче сураганга акысы жок. Алар өз эрежесин мыйзамдан өйдө коюп алышкан".
Ютубда 600 миңдей катталуучусу бар "Не сахар" долбоору тамак-аш, ар кандай товарлардын талапка жооп берүүсүн текшерет. Тез тамактануучу жайларда түзүлгөн шарттар, сапатсыз эт азыктары тууралуу видеолор коомчулукта талкуу жаратып келет. Долбоорду мурда азыркы депутат Эрулан Көкүлов алып барып жүргөн. (TSh)