Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстандын жаратылышы жөнүндө баяндаган сайт иштей баштады


MAP.KG сайтына таандык сүрөт.
MAP.KG сайтына таандык сүрөт.

Кыргызстанда өлкөнүн жаратылышы, тарыхый-маданий мурасы жана туристтик объектилери тууралуу баяндаган атайын сайт иштей баштаганын 21-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда долбоордун авторлору айтып беришти.

Фотожурналисттер союзунун жетекчиси Владислав Ушаковдун айтымында, MAP.KG сайтындагы материалдарды бардык каалоочулар бекер колдоно алышат. Сапаттуу сүрөттөр чогултулган мындай база Борбор Азияда алгачкы жолу түзүлгөнүн белгилеген Ушаков өлкөнүн кооздугун даңазалаган фотоматериалдар аркылуу ошол аймактарда жашаган адамдардын жашоосу тууралуу да маалымат берилет.

Сайт кыргызча, орусча жана англисче иштейт. Демилгечилер ал экологдор, туристтик компаниялар, журналисттер үчүн пайдалуу болорун айтууда.

Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Соңку жылдары өлкөдө экотуризм жакшы өнүгүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG