Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Сот “Азаттыктын” ИИМдин тергөөчүсүнө каршы жазган арызын кароону улантты


"Азаттыктын" ишин кароо учуру. Мурдагы отурумдардан тартылган сүрөт.
"Азаттыктын" ишин кароо учуру. Мурдагы отурумдардан тартылган сүрөт.

Бүгүн, 21-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Азаттыктын" банк эсебин бөгөттөө боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арызы каралып жатат.

Арызда радионун банк эсебин бөгөттөөгө негизделген документтерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербеген Жапековдун аракеттеринин мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү келтирилген. Жараянга ИИМдин тергөө тобунун тергөөчүсү Азамат Абдиев келип, ишти жабык кароо өтүнүчүн келтирди. Муну иште купуя сырды камтыган материалдар бар экени менен түшүндүрдү. “Азаттык Медианын” адвокаты Нурбек Сыдыков буга каршы болуп, ишти ачык кароону суранды.

Судья Тилек Турдукулов кеңешүү бөлмөсүнө барып келгенден кийин иш жабык карала баштады.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. "Азаттык Медианын" адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал документерди берүүдөн баш тарткан.

Буга байланыштуу радионун адвокаттары Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, ишти кароо башталды.

Азыркы тапта "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантууну чечти.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (BkA/ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG