Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада оң рулдуу машинелерди таксиге колдонууга тыюу салууну сунуштаган токтомго каршы элүүдөй айдоочу чогулду. Акцияда уюштуруучулардын бири, активист Эртай Искаков такси кызматында жүргөндөрдүн көпчүлүгү оң рулдуу автоунаа экенин айтып, ага тыюу салуу менен айрым айдоочулар жумушсуз каларын билдирди.
“ИИМ оң рулдуу машинелерди такси кызматына тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды. Жол кырсыктарын алдын алуу, коопсуздукту сактоо үчүн оң рулдуу машинелерди ылдамдыкты чектеген аппарат орнотууну сунуштап жатышат. Бул аппарат бардык оң рулдуу таксилерге коюлушу керек экен. Бул таптакыр ишке ашпай турган нерсе”, - деди Искаков.
13-февралда Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Документке ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатканын белгилейт.
Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар, 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуулар коюлат.
Өткөн жылы ИИМ такси кызматына лицензия берүү аркылуу оң рулдуу автоунаалардын кирекечтик кылуусун тыюуну сунуштаган. Бирок бул сунушту ишке ашыруу да кийинкиге калтырылган.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.(TSh)