Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Президент үч мекеменин башчыларына генерал-майор наамын ыйгарды


Мурат Боронов, Тариел Абитов жана Самат Исабеков. "Азаттыктын" коллажы.
Мурат Боронов, Тариел Абитов жана Самат Исабеков. "Азаттыктын" коллажы.

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына маалымат чыкты.

Ага ылайык, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов менен Ички иштер министрлигинин академиясынын башчысы Тариел Абитовго “милициянын генерал-майору” наамы жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабековго “бажы кызматынын генерал-майору” наамы берилди.

Мурат Боронов буга чейин Ош шаардык жана Ош облустук милициясын жетектеген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылдын февраль айында бекиген.

Тариель Абитов акыркы жылдары ИИМдин академиясында эмгектенип жүрүп, 2020-жылы октябрда анын жетекчиси болуп дайындалган.

Самат Исабеков 2021-жылы 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, ошол эле жылы 26-октябрда кызматтан алынган. Ортодо мекеменин башчысы кармалган соң 2022-жылдын январында бул кызматка кайрадан бекилген.

Президент Садыр Жапаров былтыр декабрда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге, ички иштер министринин орун басарлары Адылбек Бийбосуновго, Эркебек Ашырходжаевге жана Сүйүнбек Ниязбековго генерал-майор наамын ыйгарган.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG