Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

Ирандык фонд Салман Рушдиге кол салган адамга жер берүүнү убада кылды


Салман Рушди кол салуудан кийин
Салман Рушди кол салуудан кийин

Ирандык фонд жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамды кубаттап, миң чарчы метр айдоо жерин убада кылды. Ушундай маалыматты Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы Телеграм каналынан таратты.

75 жаштагы Рушди августта Нью-Йорк штатында адабий кече маалындагы чабуулдан бир көзүнөн ажыраган. Америкалык шийи мусулман Хажи Матарга адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылып, ал сотто күнөөсүз экенин айткан.

"Имам Хомейнинин фатваларын ишке ашыруу" фондунун катчысы Мохаммад Эсмаил Зареи “Рушдинин бир көзүн сокур кылган адамдын эр жүрөк аракетине ыраазыбыз” деп билдирди.

Мындан 33 жыл мурун Ирандын ал кездеги жогорку руханий лидери аятолла Рухолла Хомейни теги индиялык жазуучунун “Шайтан аяттары” деген жыйнагы үчүн авторго фатва жарыялаган. Айрым мусулмандар чыгармада Мухамед пайгамбарга акаарат келтирген жерлер бар деп эсептешет.

Рушди ошондо тогуз жыл британ полициясынын коргоосунда жашап келген.

1990-жылдардын этегинде Ирандын реформачыл бийлиги өзүн сөз болгон фатвадан оолак кармаганы менен ал жокко чыгарылган эмес жана жазуучунун башына миллиондогон доллар кун сайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG