Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

АКШнын элчиси менен Акыйкатчы адам укуктарынын абалын талкуулады


Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Омбудсмен Атыр Абдрахматова жолугуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулашты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги, гендердик теңчиликтин сакталышы жөнүндө сөз болду. Акыйкатчынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышы талкууланды.

Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен.

Кыргызстанда “Азаттык Медиа” мекемесинин сайты, банк эсеби бөгөттөлүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сот иштери жүрүп жатат. ЭлТР мамлекеттик телеканалы “ПолитКлиника” көз карандысыз басылмасын сотко берди.

Коомчулукта “Кемпир-Абад” делген кылмыш иши боюнча отузга жакын саясатчы, активист, блогер камакта. Алардын айрымдары ооруканага которулуп, бир нечеси үй камагы чыкты.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин адам укугун сактоого, сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырып келишет.

Расмий Бишкек өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана жарандар жоопкерчиликтүү болушу керек экенин айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG