Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Депутат Бекешев Ататүрк паркынын аймагына кабат үйлөр курулганы жатканын айтты


Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.
Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.

Бишкектеги Ататүрк паркынын бактарын кыюу уланып, кабат үйлөр курулат деген коркунуч бар экенин бүгүн 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Ал парктын чек арасы алигүнчө аныктала электигин белгилеп, маселеге президенттин көңүлүн бурдуруу зарылдыгын кошумчалады:

“Ошондон пайдаланып курулуш компаниялары, албетте, мамлекеттик органдардын макулдугу менен, бир топ курулуш курабыз деп сонун пландарын айтып жатышат. Алардын ичинде бир компания биздин кесиптешибиздики. Жөнөкөй чиновник алар менен күрөшө албайт. Ошондуктан мэрияга тапшырма берсеңиздер, парктын чек арасын аныктап берсинчи. Президент өзү киришпесе болбой калды. Экология деп коюп бул жерде бактардын баарын кыйдыртып, кабат үйлөрдү куруп жатабыз”.

Совет мезгилинде Достук деп аталып келген бул парк азыр да шаардагы бак-дарак жыш отургузулган эс алуу жайларынын бири.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин анын аймагы кандайча тарып, андан 181 жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткен жагдайды иликтеп чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Депутаттын бүгүнкү билдирүүсүнө мэрия жана башка тийиштүү мекемелер комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG