Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Депутат “Жашыл мурас” демилгеси ишке ашпай жатканын сындады


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

"Ыйман Нуру” фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин 22-февралындагы жыйынында өлкөдө көчөт отургузуу өнөктүгүн жандандыруу боюнча атайын баяндама жасады. Эл өкүлү токойлордун аянты кыскарып, бардык аймакта жашылдандыруу иштери чабал болуп жатканын сындады.

“Мамлекет башчыбыз “Жашыл мурас” деген акция баштаган. Парламент аны колдоп “Жашыл Кыргызстан” деген токтом кабыл алып бергенбиз. Өкмөт кылат деп ишенбей эле коелу. Ушул жерде ал боюнча отчет алдык. Өткөн жылы 6 млн. дарак отургуздук дейт. Кайда отургузганы белгисиз. Канчасы көктөдү, канчасы куурады так маалымат жок. Айыл чарба министри оозу менен эле канча пайызы көктөгөнүн айтып койду. Аны кантип текшерип чыкмак элек”, - деди депутат.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги 6 миллионго жакын ар кандай көчөт эгилгенин маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган. Долбоорунун алкагында жылына кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган.

Айрым эксперттер тигилген көчөттөрдүн куурап калып жатканын, буга өлкөнүн аймактарындагы ирригация системасынын жөнгө салынбаганын айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG