Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Милиция Кой-Таш окуясында жай тургун каза болгону тууралуу маалыматты четке какты


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуясында жай тургун каза болгону жөнүндө билдирүүсү тастыкталбаганын кабарлады.

Милиция 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаевдин 2019-жылдын 7-8-августундагы окуяларда жай тургун өлгөнү тууралуу айтканы текшерилгенин билдирди.

Белгисиз жигиттин өлүмү тууралуу маселе көтөрүп жүргөн мурдагы депутат Ирина Карамушкина да милицияга чакырылып, сурак берген. Ал төрт жыл мурдагы окуяларда бир киши каза болуп, жашыруун жерге берилгени тууралуу маалыматты тааныш аялдан укканын билдирген.

16-февралда текшерүү башталып, анын жыйынтыгында 2019-жылы Талас районунда К.М аттуу киши мал издеп жүрүп, курал менен бутуна кокустан атып алып, кан көп кетип каза болгону аныкталган.

Милициянын билдирүүсүндө, бул өлүмдүн Кой-Таш окуясына тиешеси жок.

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар болгон.

Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жараат алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG