Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Караколдо аялын өлтүргөн киши 15 жылга соттолду


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Караколдо ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты. Каракол шаардык сотунунун 20-февралдагы чечимине ылайык, кылмышка шектүү 15 жылга соттолду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Каргашалуу окуя былтыр 9-ноябрда Караколдогу “Кумтөр” деп аталган соода борборунда болгон. Каза болгон келин 30 жашта болгону, 35 жаштагы күйөөсү менен ажырашып кеткени, экөө сүйлөшүү үчүн жолукканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактаганы маалымдалган. Келин ошол жерден жан берген, өзүнө да кол салган эркек облустук ооруканага жеткирилген.

Жубайлар Каракол шаарынан алыс эмес айылдардын биринде жашап жүргөн. Экөөнүн ортосунда үч бала бар. Улуусу сегиз жашта, ортончусу алты, ал эми кичүүсү үч жашта. Ак-Суу районундагы социалдык кызматкерлердин айтымында, жубайлар күйөөсүнүн апасы менен бирге турушчу. Буга чейин экөө Орусияга барып иштеп келген.

Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG