Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

ӨКМ: Жалал-Абадда миңден ашык кожолук кооптуу аймакта жашап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен району жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

ӨКМ кызматкерлери ал үй-бүлөлөргө коопсуз аймакка көчүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат.

“Мамлекет тараптан керектүү ссудаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып, бирок коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп, сот органдарына өткөрүп берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкө аймагында жалпысынан жер көчкү, сел коркунучунда турган 1200 аймак бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (TB/TSh)

XS
SM
MD
LG