Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

Ишканаларда тамеки чегүүчү жай уюштурууну милдеттендирүү сунушталууда


Кыргызстанда мамлкеттик мекемелерде жана менчик түрүнө карабастан бардык ишканаларда чылым чегүүчү атайын жай уюштурууну милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтындагы документке ылайык, тамеки чегүүчү атайын жайда желдетүү системалары, өрт, санитардык коопсуздук талаптары болушу керек.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде өлкөдө тамеки чеккен адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатканы айтылган.

Долбоордо 14 жашка чейинки балдарды тамеки, электрондук чылым соодасына аралаштырган ата-энелерге чара көрүү сунушталат.

Буга чейин депутат Улан Бакасов Кыргызстанда электрондук тамекиге жана вейп (электрондук тамеки же кальян) тартууга тыюу салууну сунуштаган.

Кыргызстанда 2019-жылы билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттык сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чегүүгө тыюу салынган.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот. Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарг миң сом, мекемелерге 5 миң сом айып пул салынат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG