Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Орусия Өзбекстандан курулушчуларды тартуу долбоорун токтотту


Орус өкмөтү 21-февралдан тарта өзбекстандыктарды "курулуш, өндүрүш жана айыл чарба иштерине орноштуруу" долбоорун токтотту.

2021-жылы октябрда коронавируска байланышкан чектөөлөрдөн улам Орусиядагы курулуштарга Өзбекстандан мигранттарды тартуу боюнча пилоттук программа иштей баштаган.

Ага ылайык, өзбек жарандары Орусияга кирүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү, манжа издерин тапшыруу жана коронавируска каршы тесттен өтүү сыяктуу талаптарды Өзбекстандын аймагында эле аткара баштаган.

Орусиянын Курулуш министрлиги муну коронавирустук чектөөлөрдүн алынганы менен байланыштырды.

Орус өкмөтүнүн маалыматына караганда, долбоордун алкагында курулуш иштерине Өзбекстандын 4 750 жараны катышкан.

XS
SM
MD
LG