Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ менен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу президенттин мыйзам долбоорун колдоду.
Депутаттар 22-февралда бир добуштан жактырган документти палатага бир күн мурун Владимир Путин тапшырган.
СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы Прагада Орусия менен АКШнын ошол кездеги президенттери Дмитрий Медведев жана Барак Обама кол коюшкан. Путин президент катары келишимди 2026-жылга чейин узарткан. Аны убактылуу токтотуу жагы каралган эмес.
Документ өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектейт, өлкөлөргө стратегиялык өзөктүк куралды өз аймагынан тышкары жайгаштырууга тыюу салат. Чалгындоодо өзөктүк ракеталарды жашырбоого жана тараптарды маалымат алмашууну камсыздоого милдеттендирет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Путиндин чечимин “өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз” деп атап, Вашингтон сүйлөшүүлөргө дайым даяр экенин айтты.