Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Казакстанда журналист Данияр Молдабеков сабалды


Казакстандык журналист Данияр Молдабеков беткапчан белгисиз бирөө үйүнүн кире беришинде сабап кеткенин билдирди.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 22-февралда окуя болгон жерге барганда "Тез жардам" кызматы журналистке көмөк көрсөтүп жатканына, полиция өкүлү жүргөнүнө күбө болгон.

Журналист медициналык текшерүүдөн өтүп, күч органдарына арыз жазарын айтты.

RespublikaKZ.media сайтына орчундуу темаларда макала жазып жүргөн Данияр Молдабеков соңку учурларда журналисттерге жасалып жаткан чабуулдар жөнүндө пикирин айтып, аткаруучулар гана колго түшүп, буюртма бергендер табылбай жатканын белгиледи.

Күн мурун Poliсia Телеграм-каналы Казакстанда журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасаган деген шек менен 18 киши кармалганын жазган. Былтыр сентябрдан бери өлкөдө журналисттерди коркуткан, автоунааларын өрттөп, мүлктөрүнө зыян келтирген бир канча факты катталды.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошот. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча индексинде 180 өлкөнүн ичинде Казакстан азыр 122-катарда турат.

XS
SM
MD
LG