Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Украинанын портторунда 300дөн ашык чет элдик моряк чыга албай турат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эл аралык жүк ташуу компаниялары БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке кат жөнөтүп, Украинанын портторунан 300дөн ашуун чет элдик морякты эвакуациялоого жардам сурады. The Guardian жазгандай, алар согуш башталгандан бери ошол жактан чыга албай турушат.

Бир жыл мурда Орусия Украинага басып киргенда Кара жана Азов деңиздериндеги порттордо 112 чет элдик соода кемеси жана 2000дей экипаж мүчөсү болгон. Алардын көбү эвакуацияланган.

Басылманын маалыматына караганда, азыр 331 киши менен 62 кеме Украинанын тогуз портунда, анын ичинде азыр Орусиянын көзөмөлүндөгү Мариуполдо турат. Арасында Украинанын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Гутеррешке жолдонгон катка 30дан ашык жүк ташуучу компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү кол койгон. Аларга дүйнөдөгү деңиз соодасынын 80% ашыгын жөнгө салган Эл аралык кеме палатасы (ISC) да кошулган. Катта согушта кемелердеги моряктардын өмүрү дайыма коркунучта экени белгиленген.

Төрт тараптуу дан келишиминин алкагында Украинанын үч портунан - Одесса, Түштүк жана Кара деңизден жүк ташууга уруксат берилген. Келишим боюнча жүк ташуу менен алектенбеген кемелерге өз портторуна кайтууга уруксат берилет, бирок деңиздеги миналар тууралуу божомолдордон улам тобокелге барышпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG