Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

АКШ элчиси Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров кызматташтыкты талкуулады


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 22-февраль, 2023-жыл.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 22-февраль, 2023-жыл.

22-февралда Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолукту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасында кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алар АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана климаттык кызматташтыкты, өзгөчө креативдүү экономика тармагында алаканы тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Кыргызстандын Министрлер кабинети бул боюнча өз сайтына маалымат жарыялай элек.

Вигери февралдын башында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да кездешкен.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен. Президент Садыр Жапаров аны 30-декабрда кабыл алган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо жараяны уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG