Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Кемпир-Абад иши: Абактагы Айтбаев тергөө жүрбөй жатканын билдирди


Акыл Айтбаев сот залында. 26-декабрь, 2022-жыл.
Акыл Айтбаев сот залында. 26-декабрь, 2022-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев абактан кат жолдоду. Анда төрт айдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө жүрбөй жатканы жазылган.

Жакындары "Азаттыкка" жиберген катта Айтбаев кармалгандан бери бир эле жолу суралганын айткан.

"Анда да биринчи кармалган кезде берген суроолорду кайра беришти. Андан кийин 22-декабрда тергөөчүнүн экспертиза дайындоосуна байланыштуу, 10-февралда экспертизанын жыйынтыгы менен таанышууга алып барышты. Ошол төрт айда тергөөчү өзү токуган жомогуна бир да далил келтире алган жок. Ошого карабастан соттор бизди дагы эки айга абакта негизсиз калтырышты. Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбесин, мен караманча каршымын деп ѳз ой-пикиримди топокарталар жана документтер менен негиздеп, ачык билдирип келгемин. "Кемпир-Абад иши" боюнча эч бир далили жок, мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди бийликке жакпаган ой-пикирлерин ачык айткан активисттерди жана алардын жакындарын басмырлап коркутуп, ооздорун жабуу максатындагы абийирсиз аракеттер деп эсептеймин!", - деп жазган Айтбаев.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук сотунда 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев. Учурда Равшан Жээбеков, Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов ооруканада. Аларга дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Ушул эле сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG