Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Гаага соту Лачин коридорун ачууну талап кылды


Лачиндеги жол белгиси.
Лачиндеги жол белгиси.

Шаршемби күнү Гаагадагы эл аралык сот Азербайжанды Лачин коридору боюнча кыймылды үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттендирди. Коридор Тоолуу Карабактын этникалык армяндар жашаган аймактарын Армения менен байланыштырган жалгыз жол. Аны дээрлик эки айдан бери өздөрүн “азербайжандык экоактивисттер” деп атаган адамдар жаап турат.

Гаагадагы сотко эки тарап тең бири-бирине каршы даттанган. Сот Азербайжандын Арменияга каршы доо арызын карган жок. Армения арызында Лачин коридорун ачууну камсыздоону суранган.

Ошол эле кезде эл аралык сот Армениянын аймакка жаратылыш газын берүүнү калыбына келтирүү өтүнүчүн четке какты. Буга армян тарап Азербайжандын газды жеткирүүгө тоскоолдук кылып жатканы тууралуу жетиштүү маалымат берген эмес деген жүйө келтирди.

Лачин коридоруна байланыштуу иш сотто 30-январда карала баштаганын армяндардын кызыкчылыгын коргогон юрист Егише Киракосянга таянып Reuters агенттиги жазган.

Буга чейин Европарламент Азербайжанды тез арада жолду ачууга чакырган резолюция кабыл алган. Азербайжандык депутаттар аны "бир тараптуу жана адилетсиз" деп атаган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы урушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылдагы кагылышуудан кийин Армения менен Азербайжан кол койгон келишимге ылайык, Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөйт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG