Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

"Келин таш" Лос-Анжелестеги фестивалда мыкты даректүү тасма деп табылды


Режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы.
Режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы.

Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн аял режиссерлордун онунчу фестивалында кыргызстандык режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы мыкты деп табылды. Бул тууралуу "Кинематографты өнүктүрүү фондунун" расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, тасма "Мыкты көркөм кыска метраждуу тасма" жана "Мыкты аял режиссер" номинациялары боюнча жеңүүчу болгон.

Тасма жазуучу Топчүгүл Шайдуллаеванын "Келин таш" аңгемесинин негизинде Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган.

Аңгемеде аялдар эркиндиги, аял укугу кылымдар бою кыргыз кыз-келинин эзген эски каада-салт, ишенимдерге багынып калганын көрсөтөт. Эркиндикти самаган келиндердин турмушу чагылдырылган.

Аял кинематографисттердин альянсы күчтүү аялдардын кинодогу образын түзүү максатында 2005-жылы негизделген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG