Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу Түркиядан кайтып келди


Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.

Түркияда иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу миссиясын аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу 23-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Куткаруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан ӨКМ өкүлдөрү, жакындары тосуп алышты.


Алар Түркиянын зилзаладан катуу жабыр тарткан Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштеп, жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Кыргызстандан Түркияга 187 адам барган, алардын 171и ӨКМ, алтоо Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу, бешөө жабыркагандарга боз үй тигүү үчүн, калгандары уюштуруу иштерине жардам бергени барган. Куткаруучулардын биринчи тобу Бишкекке 20-февралда келишкен.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.

20-февралдын кечинде да Түркия менен Сириянын чек ара аймагында эки жолу жер титиреп, бир нече набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG