АКШ президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путиндин стратегиялык өзөктүк куралды чектөө келишими боюнча чечимин “чоң жаңылыштык” деп атады.
Байден мындай пикирин Варшавада НАТОнун чыгыш канаты деп аталган мамлекет лидерлери менен жолугушуунун алдында билдирди. Чыгыш канатка киргендер: Борбордук жана Чыгыш Европанын тогуз өлкөсү – Польша, Чехия, Словакия, Венгрия, Румыния, Болгария, Эстония, Латвия жана Литва. Көбү Орусиянын Украинага басып киргенин кескин сындап, Киевди жакташат.
АКШ лидери бул өлкөлөр НАТОнун жамааттык коопсуздугунун "алдыңкы сабында" турганын белгилеп, ыктымалдуу агрессиядан коргоого убада берди. Польшанын президенти Анжей Дуда Орусиянын Украинага агрессиясы Европада жаңы коопсуздук кырдаалын жаратканын айтты. Украинаны колдоо жана коопсуздукту чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды ойлонууга чакырды.
21-февралда АКШ президенти Польшада эл алдында сүйлөгөндө Вашингтон жана союздаштары Киевди колдоону уланта берерин билдирген. Варшавада Молдованын президенти Майя Санду менен жолукканда Вашингтон Кишинёвго колдоо көрсөтөрүн айткан. Молдова бийлиги жакында эле жергиликтүү орусиячыл күчтөр кутум уюштуруп, атүгүл төңкөрүш жасоого камынып жатканын эскерткен.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ менен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун шаршембиде колдоду.
СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу келишимге 2010-жылы Прагада Орусия менен АКШнын ошол кездеги президенттери Дмитрий Медведев жана Барак Обама кол коюшкан. Кийинки жылы Путин келишимди 2026-жылга чейин узарткан. Аны убактылуу токтотуу жагы каралган эмес.
Документ өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектейт, өлкөлөргө стратегиялык өзөктүк куралды өз аймагынан тышкары жайгаштырууга тыюу салат. Чалгындоодо өзөктүк ракеталарды жашырбоого жана тараптарды маалымат алмашууну камсыздоого милдеттендирет.