Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Тажикстандагы жер титирөө: Ошто силкинүү күчү 4,5 баллга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

"Азаттыктын" тажик кызматы 23-февралда таңга маал Дүйшөмбүдө жер 20-25 секунддай титирегенин, ал башка аймактарда дагы сезилгенин жазды. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган эмес. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Сарезде абал тынч экенин билдирген.

Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG