Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Бишкек: Уруксатсыз үйлөрдүн мунапыс маселесин депутаттык комиссия карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы келерки отурумунда уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесине байланыштуу маселени карайт. Мындай чечим комиссиянын 22-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

“Элдин коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда турат. Канча мыйзамсыз объект бар, канчасына уруксат документтери берилди, мунапыс канчасына жана эмне себептен берилгени жатат, кийинки комиссияга киргизип коюңуздар”, - деди комиссиянын төрагасы Бекжан Үсөналиев.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан кабат үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү (кээ бир маалымат боюнча 35) Бишкекте экени 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан.

Уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси аталган комиссиянын 22-февралдагы отурумунда да көтөрүлүп, айрым депутаттар андайга жол бербөө керектигин айтышкан. Депутат Рысбай Аматов “Анын ичинде канча деген адам жашайт! Андай үйлөргө мунапыс берүү коркунучтуу нерсе. Кийин башкалар да жерди басып алып, эч кандай уруксат кагазы жок кабат үй салып, мунапыс кылып алам деп үйлөрдү сатып, качып кете бербейби анда" деген.

Ал эми Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев мунапыс баарына эле берилбей турганын, сейсмикалык туруктуулук жана башка талаптар боюнча кылдат текшерүү болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG