Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

БУУнун баяндамачысы Бишкек Болот Темиров боюнча кайрылуусуна жооп бербегенин жазды


Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор.
Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор.

Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын аймагынан депортацияланышына тынчсызданып, 19-декабрда кыргыз бийлигине кайрылганын, бирок ага жооп болбогонун Твиттерге жазды.

Кайрылуунун толук тексти БУУнун баяндамачысынын расмий сайтына жарыяланды.

Укук коргоочулар "Болот Темировдун кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жарандыгынан ажыратылышы жана Кыргызстандын аймагынан депортацияланышы анын коррупцияга каршы ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу экенине тынчсыздануусун" билдирген. Ошондой эле сөз эркиндигине каршы аракет болуп жатканы айтылган. Темиров боюнча соттук иштер тизмектелип, көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын күч органдары Темиров Орусиянын жараны экенин маалымдап, ал кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деген айып таккан. Ишти караган Бишкек шаардык соту былтыр 23-ноябрда аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Темиров ошол эле күнү Бишкек – Москва каттамы менен күчтөп Орусияга чыгарылган.

Журналист өзүнө коюлган айып негизсиз экенин айтып, окуяларды журналисттик ишмердигине байланыштырган. 2-февралда Орусияга баргандан кийин биринчи жолу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, өзү түптөгөн Темиров LIVE жана "Айт Айт Десе" командасы ишин уланта берерин жарыялады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG