Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орусиядан Өзбекстанга бараткан автобус кырсыкка учурады


Нижний Новгороддон Өзбекстанга бараткан жүргүнчү автобус Оренбург-Казан трассасында оодарылып кетти.

Бул тууралуу Орусиянын регионалдык полиция башкармалыгы маалымдады. Кабарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калып, 29 киши бараткан автобус жолдон чыгып кеткен.

Жабыркагандар жок, жүргүнчүлөр, балдар медициналык текшерүүдөн өттү.

Оренбург облусунун Чукул кырдаалдар бөлүмү алар жергиликтүү маданият үйүнө жайгаштырылып, кийин башка автобус менен сапарын улантышканын билдирди.

2020-жылдын мартында Казакстанда 26 өзбекстандык бараткан автобус кырсыкка учураган, 2018-жылы Актөбө облусунда Өзбекстан жарандары отурган автобуста өрт чыкканда 52 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG