Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

ТИМ: Борбор Азиянын суу-энергетика маселелери диалог аркылуу чечилиши зарыл


Орто-Токой. Архив сүрөт.
Орто-Токой. Архив сүрөт.

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселелери чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алган ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу чечилиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары Айбек Молдогазиев “Европа Биримдиги – Борбор Азия” конференциясында айтканын мекеменин басма сөз кызматы 24-февралда билдирди.

“Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык комплексин талкуулоого ар дайым ачыкпыз”, – деп белгиледи Молдогазиев.

Бул контекстте, ТИМдин басма сөз кызматы кошумчалагандай, Чүй-Талас жана Орто-Токой суу сактагычынын суу чарба комиссиялары боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен өз ара аракеттенүүнүн оң тажрыйбасы белгиленди.

Конференция Италиянын борбору Рим шаарында 23-24-февраль күндөрү өтүп жатат. Ага Кыргызстандан энергетика, айыл чарба, экология министрликтеринин өкүлдөрү да катышууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG