Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Орус дипломаты Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен абайлап мамиле кылууга чакырды


Орусиянын башкалаасы Москва.
Орусиянын башкалаасы Москва.

Москва Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен кызматташууда абайлап мамиле кылууга чакырат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине курган маегинде билдирди.

Галузин Ооганстандагы азыркы кырдаалга АКШны айыптап, “Вашингтондун демократиялаштыруу эскпериментти, түстүү революциялар менен аяктайт” деп айтты.

“Мындан улам борборазиялык өнөктөштөрүбүздү Батыш өлкөлөрү менен алака түзүүдө өтө абайлап мамиле кылууга чакырабыз”, – деген министрдин орун басары.

Тышкы саясат мекемесинин өкүлү Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Казакстандагы Январь окуяларында натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилеген.

Борбор Азия өлкөлөрү АКШ жана Батыш мамлекеттери эки тараптуу кызматташып келет. Өткөн жылдын октябрь айында Астанада Борбор Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин жолугушуусу өткөн. Алгач жолу уюштурулган саммитке аймактагы беш өлкөнүн лидерлери жана Еврошаркеттин жетекчилиги катышкан. Соңку жылдары Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен 5C+ EU деген форматты өнүктүрүүгө аракет кылып, бир нече иш-чараларды өткөрдү. 2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташтыктын жаңы стратегиясын кабыл алган.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттери АКШ менен өз ара кызматташуудан сырткары "Борбор Азия + АКШ" форматында алакасы бар. АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея "Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШ Борбор Азия мамлекеттерин колдоосун улантарын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG