Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:48

БУУнун Орусия аскерлерин Украинадан чыгаруу резолюциясын 141 өлкө колдоду


Киевдин жанындагы Буча шаарында талкаланган орусиялык аскердик техниканын калдыктары, 1-март, 2022-жыл.
Киевдин жанындагы Буча шаарында талкаланган орусиялык аскердик техниканын калдыктары, 1-март, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 141 мүчөсү Орусияны аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүгө чакырган резолюцияны колдоду. Орусиянын өзүнөн сырткары алты мамлекет "каршы" добуш берген. ЖККУ, ЕАЭБ уюмундагы өнөктөштөрүнөн Минск гана Москваны колдоп, каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн карманган 32 өлкөнүн арасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан бар.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG