Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Үч майрамды иш күнү деп жарыялоо сунушталууда


Кыргызстанда айрым майрамдык күндөрдү дем алыш эмес, жумуш күнү деп жарыялоо сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 23-февралдын (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелдин (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам макамын калтырып, бирок эс алуу эмес, иш күндөрү деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негизги максат – дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжал пайдалануу экени, эгер сунуш колдоо тапса экономикага да жакшы таасири тиери белгиленди.

Министрлик аталган үч майрам жалпы улуттук эмес, мамлекеттик мүнөздө экенин, азыр Кыргызстанда расмий эсепте 14 майрам күн болгону менен эгер алар ишембиге же жекшембиге туш келсе башка жумуш күнүн дем алыш деп жарыялаганда андан да көп болуп кетип жатканын белгиледи.

Ошону менен катар январь жана май айларынын алгачкы күндөрүн каникул деп өзүнчө жарыялоо, бирок ошол маалда банктардын жумуш күндөрүн калтыруу сунушталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG